кантип кредит алса болот

Кантип кредит алса болот

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

кантип кредит алса болоткантип кредит алса болотКарапайым калк арасында банктардан насыя алуу тууралуу көптөгөн суроолор жаралып келет. Бул ирет окурмандардын «Насыяны кантип алсам болот? Эмне документ даярдашым керек? Кимдерге алууга болбойт?» деген суроолоруна «Аманбанктын» кардарларды тейлөө боюнча менеджери Гулира Эдилбаева жооп берет.

«КИМДЕРГЕ НАСЫЯ БЕРИЛБЕЙТ?»
– Жакындарымдын банктан насыя алып, бирди эки кылып байып жатышканын көрүп, мен дагы насыя алсамбы деп ойлонуп жаткам. Эки ирет соттолгом. Насыя ала аламбы? Негизи, кимдерге насыя берилбейт? Кайсы учурда насыя алууга мүмкүн эмес?

Эгерде сиз соттолгон болсоӊуз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболоруна ылайык, сизге банктар насыя беришпейт. Андан сырткары иши кумар оюндарына байланышкан адамга, аскер техникасын өндүрүүгө жана тыюу салынган химиялык заттарды өндүрүүгө насыя берилбейт. Туруктуу айлык акысы жок, туруктуу жашаган жери жок, бизнести жаӊыдан гана баштаган, ошондой эле иштеген жумушун юридикалык тастыктаган документи жок адамдар банктан насыя ала алышпайт.

«КҮРӨӨСҮЗ НАСЫЯ БЕРЕБИ?»
– Банкка күрөөгө койгонго кыймылсыз мүлкүм да, кепил болчу адамым да жок. Күрөөгө койбостон, кепил болчу адамы жок насыя алса болобу? Канча суммага чейин берилет?

Султан, Токмок шаары

Эгерде сиздин күрөөгө койчу мүлкүӊүз жок болсо, кепил болчу эки адамыӊыз болуш керек. Ошондо сиз 50 000 сомго чейин насыя алсаӊыз болот. Күрөөсүз жана кепил болчу адам жок болсо, банктар насыя беришпейт.

«АВТОНАСЫЯ ТУУРАЛУУ БИЛГИМ КЕЛЕТ»
кантип кредит алса болот– Машина алууну кыялданып, бирок жетпей келем. Айлыгымды топтоюн десем тыйын чөнтөккө жукпай жатат. Банктардагы автонасыя жөнүндө түшүнүк алайын дегем. Кантип алсам болот?

Гүлжан, Бишкек шаары

Автонасыя алуу үчүн сиздин кирешеӊизди тастыктаган акыркы 12 айга аныктама талап кылынат. Эгерде бизнес жаатында эмгектенсеӊиз, анда жеке ишкердин 12 айлык патенти керек. Насыя боюнча айына төлөгөн төлөмүӊүздүн суммасы сиздин таза кирешеӊиздин 70 пайызынан ашпашы керек. Сатып ала турган мүлктү өз алдынча издештириӊиз. Сиз ала турчу автоунаанын 30 пайыз акчасы өзүӊүздө болуш керек. Калган сумманы банк бере алат. Күрөөгө болсо алынып жаткан автоунаа коюлат.

«Банктар аркылуу алган буюмдардын сапатына ким кепилдик берет?»
кантип кредит алса болот– Банктардын биринен үйгө эмеректерди насыяга алгам. Сапаты начар экен, колдонгонума бир ай болбой жатып сынып калды. Банкка барып, башка эмерекке алмаштырып берүүсүн талап кылсам болобу? Насыяга берген буюмдардын сапатына карашабы?

Банк менен эмеректерди берген ишкердин ортосунда эмеректин сапаты боюнча келишим түзүлөт. Эгерде сизде кепилдик талону болсо, эмеректи алмаштырып берүүсүн талап кылсаӊыз болот.

«НАСЫЯМДЫ ТӨЛӨЙ АЛБАЙ ЖАТАМ»
– Күрөөгө үйүмдү коюп, банктан насыя алгам. Чамам келбей, төлөй албай жатам. Банк үйүмдү алып сатса, мен алган акчанын өлчөмүндө эле сатабы же кымбатка сатып, мага калганын береби?

Ишенбек, Чүй облусу

Мындай учурга кабылып жатсаӊыз, насыя алган банк менен макулдашууга кол коюӊуз. Келишим түзүлгөндөн кийин базар баасында сатып, банкка карызыӊызды төлөп, калган сумманы алсаӊыз болот. Эгерде насыя такыр төлөнбөй, бул иш сотко өтүп кеткен болсо, иш соттун чечими менен каралат.

«БИРӨӨГӨ КЕПИЛ БОЛГОМ, ЭМИ НАСЫЯ АЛСАМ БОЛОБУ?»
кантип кредит алса болот– Досум банктан насыя алганда кепил болуп берген элем. Ал алган насыясын төлөп бүтө элек. Эми өзүм насыя алышым керек болуп жатат. Алсам болобу?

Белек, Талас облусу

«БИР УЧУРДА ЭКИ БАНКТАН НАСЫЯ АЛУУГА МҮМКҮНБҮ?»
– Өткөн жылы банктардын биринен эки жылдык мөөнөт менен насыя алгам. Керектөөмө жумшалып кетти. Күрөөгө койгон үйүмдөн айрылганы турам. Бул учурда банк тарабынан кандай жеӊилдиктер берилет? Башка банктан насыя алып, биринчи банктагы карызымды төлөп турууну ойлонуп жатам. Бир учурда эки банктан насыя ала аламбы?

Көлбек, Ысык-Көл облусу

Мындай учурда насыя алган адамдын төлөө мүмкүнчүлүгүн текшерип туруп, банк тарабынан кредиттик комитеттин чечими менен төмөнкүдөй жеӊилдиктер берилиши мүмкүн:
– Төлөм тартибин жылдыруу;
– Кандайдыр бир мөөнөткө төлөмдү токтотуп, тыныгуу берүү;
– Насыяны реструктуризация кылуу, башкача айтканда, пайыздык ченин карап берүү;
– Насыянын мөөнөтүн өзгөртүү.
Ал эми бир учурда эки банктан бир адам, бир мүлктү күрөөгө коюп насыя алууга болбойт.

Источник

«Тиричилик насыясын» кантип алса болот? «Айыл Банктан» керектөө кредиттери

“Айыл Банк” ААКтын Бишкек филиалынын кредит берүү бөлүмүнүн жетекчи адиси Айдай Алимбек кызы керектөө кредити «Тиричилик насыясы» тууралуу айтып берди.

«Айыл Банк» АККта ар кандай багыттагы кырктан ашуунун насыянын түрлөрү бар. Алардын ичинде калк үчүн керектөө кредити «Тиричилик насыясы» жана аны алуу шарттары тууралуу төмөндөн окуй аласыз.

«Тиричилик насыясын» кимдер алалат?

Туруктуу киреше булагы жана менчигинде олуттуу активдери бар Кыргыз Республикасынын жарандары жана жеке адамдар алалат.

Кредит кандай максаттар үчүн берилет?

Насыяны коммерциялык ишмердүүлүккө байланышпаган, өзүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алса болот. Мисалы, кыймылдуу мүлктү сатып алууга, турак жайдын оңдоо иштерин жүргүзүүгө, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүгө, окуу акысын төлөөгө, дарыланууга жана эс алууга ж.б.

Насыянын суммасы канча?

Кепилдик берүүчү керекпи?

100 миң сомго чейин насыя алганда бир кепилдик берүүчү, 150 миң сомго чейин бир кепилдик берүүчү жана кыймылдуу мүлк талап кылынат. 150 миңден жогору сумма болсо, кыймылсыз мүлк керек болот.

Кандай документтерди чогултуу зарыл?

Паспорт, жашаган жеринен маалымкат жана киреше булагын тастыктаган документ, мисалы, иштеген жеринен акыркы алты же он эки айдын эмгек акысы тууралуу маалымкат.

Кененирээк миаалымат алуу үчун бул жерди басыңыз.

Источник

Бүткүл өлкө үчүн банк

0 (312/556) 61 33 33
0 (701/770) 33 33 69

Керектөө кредиттери

1. «Айлык акы кредити»

Сиз эмгек акы кредитин эки жол менен ала аласыз:

* Эффективдүү пайыздык чен 29,99% дан

*Эффективная процентная ставка от 42,62%

Эми, Банктын кеңселерине баруунун, транспорттук жана башка чыгымдарга акча коротуунун, кезекте туруунун кажети жок. Насыяны алыстан тейлөө үчүн кичинекей комиссия төлөп, бир нече мүнөттүн ичинде акча алыңыз! Алыстан кызматты колдонуп, каалаган жерден насыя алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар!

«Онлайн насыяны» кантип алууну билүү үчүн БУЛ ЖЕРДИ басыңыз.

2. «Рассрочка»

3. «Бир саат ичинде кредит»

* Эффективдүү пайыздык чени 34,2% чейин.

4. «Менин үйүм» ипотекалык кредити

*Эффективдүү пайыздык чен барабар 19,97%.

5. Автостандарт

Автокредиттин артыкчылыктары:

* Эффективдүү пайыздык чен 20,91% дан жогору

Автокредитти кантип алса болот?

* Урматтуу кардарлар, эгер Сиз насыя берилип жатканда же арыз даярдап жатканда Банктын кызматкерлери тарабынан негизсиз талаптарына же иш-аракеттерине жолуксаңыз, ошол замат Банктын Контакт-борборуна 0 312 61-33-33 телефону же +996 556 61-33-33 WhatsAp аркылуу кабар берсеңиз болот.

Кайрылуулар Банктын жетекчилиги тарабынан текшерилип каралып чыгат.

Источник

Дыйкан-фермерлер жеңилдетилген кредитти кантип кайдан алса болот. Шарттары

Фермерлер жеңилдетилген кредитти эң көп дегенде 5 жылга чейин ала алышат. Насыя түрүнө жараша 150 миң сомдон 10 миллион сомго чейин берилет.

Дүйшөмбү, 15-февралдан тарта, Кыргызстанда дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит бериле баштады.

“Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорун ишке ашыруучу чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Жеңилдетилген насыяларды кимдер жана кандай жол менен алса болот? Sputnik Кыргызстан агеттигинин кабарчысы өкмөттөн билип көрдү.

Долбоордун максаты

Жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъектилерин өз учурунда каржылоо.

Кредит кимдерге берилет?

кантип кредит алса болот

Ошондой эле асыл тукум мал өстүрүү, үрөн чарбасы жана кант кызылчасын өндүрүү менен алектенген тараптарга артыкчылык берилет.

Үстөк пайызы

Тармактарга жараша жылына 6, 8 жана 10 пайыз менен берилет. Мисалы, мал жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн жылдык үстөгү 10 пайыз. Ал эми “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбооруна катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишим түзүп иштеген мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы чарбалар сегиз пайыз менен насыя ала алат. Кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн жылына алты пайыздык үстөк каралган.

Насыя канча жылга берилет?

10 пайыз менен берилген насыялардан кутулуу мөөнөтү үч жылдан ашпашы керек. Калган категориядагылар беш жылга чейин алса болот.

Кутулуу боюнча кандай жеңилдиктер каралган?

Беш жылга насыя алган кардарлар алгачкы 12 айга чейин кредиттин негизги суммасын төлөөдөн бошотулат. Ал эми үч жылга алгандар алгачкы алты ай ичинде негизги сумманы төлөбөй турса болот.

Кандай документтер керек?

Мындан тышкары, насыянын түрү жана каражат берчү банктын талаптарына жараша патенттин көчүрмөсү, кайра иштетүүчү ишкана менен келишим, күрөөгө коюлган мүлктүн документтери сыяктуу кошумча кагаздар талап кылынат.

Кайсы банктар аркылуу насыя алууга болот?

Кредиттин суммасы

кантип кредит алса болот

Күрөөгө койчу мүлк жетишсиз болуп жатса эмне болот?

Мурун-кийин кредит алып жүрсөңүз «Кепилдик фонду» ААКсы тууралуу маалыматыңыз болсо керек. Эгер белгилүү бул сумманы алгыңыз келип, бирок күрөөгө койчу мүлкүңүз ага жетпей жатса, аталган фондго кайрылууга укуктуусуз. Фонд банк алдында сиз үчүн кепилдик берип, керектүү сумманы алууга жардам кылат.

Источник

Биз сиздерге Биринчи МФКнын жаңы сайтынын ишке киргени тууралуу кубануу менен кабарлайбыз.

кантип кредит алса болот

Эчак эле кредит алгыңыз келип, бирок кантип алууну билбей жүрдүңүз беле? Анда Биринчи МФКнын жаңы сайтына кирип туруңуз

Биринчи МФКнын урматтуу кардарлары жана достору! Биз сиздерге компаниянын жаңыртылган сайты ишке киргендигин кубануу менен билдиребиз. Бул жерден сиздер биздин бардык продуктулар жөнүндө кабардар болуп, өз керектөөңүзгө ылайык келген кредитти тандай аласыз.

“Кредиттик продуктулар” бөлүмүндө кимдер, кандай максатта, кандай шарттарда жана канча мөөнөткө тиги же бул карызды алса болору тууралуу кенен маалыматтар жазылган. Ушул эле бөлүмдө атайын калькулятордун жардамы менен сиз өз алдыңызча, кредиттин мөөнөтү жана суммасына жараша ай сайын төлөмдүн өлчөмүн, ошондой эле төлөмдүн акыркы жыйынтык суммасын эсептей аласыз.

Кыргызстанда кредитти кайдан алса болот?

Сиз өзүңүзгө ылайык келген кредитти алуу чечимине келгенден кийин, компаниянын жакынкы филиалына кайрылып, адистен дагы бир жолу консультация алыңыз. Андан кийин зарыл болгон документтерди даярдоону баштаныз. Эгер сиз бардыгын туура жасасаңыз, кредитти эч тоскоолдугу жок алсаңыз болот.

Сизге жакын жайгашкан офисти табуу үчүн, сайттын “Биздин филиалдар” бөлүмүнө башбагып, андагы маалыматты колдонсоңуз болот. Ал жерде Кыргызстандагы биздин офистердин даректери жана телефондору көрсөтүлүп, ар биринин жайгашкан жери картада белгиленген.

Биздин сайттан сиз Биринчи МФКнын өнүгүү тарыхы, анын миссиясы, жетекчилиги, өнөктөштөрү, ошондой эле акыркы жаңылыктар жана вакансиялар тууралуу да кабардар болуп турасыз.

Источник

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *